Бишкекте Кыргызстан менен Малайзиянын футбол курамаларынын беттеши өтөт

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Бишкекте 6-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстан жана Малайзия улуттук курамаларынын беттеши өтөт.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, аталган оюн 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын квалификациялык экинчи раундунун бешинчи турунун алкагында өтөт. Беттеш саат 21:00дө башталат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн стадион саат 19:00дөн баштап ачык болот.

Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, фудкорт, мерч сатуулары жана баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт.

Аталган беттешке билеттер ticket.kg, сайтында жана билет операторунун сатуу түйүндөрүндө жеткиликтүү.

Маалымат үчүн: 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык оюндары үчүн чүчүкулактын жыйынтыгында 4 курамадан турган 9 тайпа түзүлгөн. Кыргызстан курамасы Оман, Малайзия жана Кытайлык Тайбэй курамалары менен кошо "D" тайпасында жайгашкан.

Төртүнчү турдун оюндары алкагында Штефан Тарковичтин курамасы тогуз упай менен тайпанын турнирдик жадыбалында 1-орунду ээледи.

Квалификациянын экинчи раундунун жыйынтыгында ар бир тайпадан эң мыкты эки курама 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алып, 2026-жылкы дүйнө чемпионатына болгон жолдомого күрөшүн улантат.

"D" тайпасынын төртүнчү турдан кийинки турнирдик жадыбалы: