Кыргызстандык спортчулар бадминтон боюнча чемпионатта үчүнчү орунду ээледи

Кыргызстандык спортчулар бадминтон боюнча чемпионатта үчүнчү орунду ээледи

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар бадминтон боюнча чемпионатта үчүнчү орунду ээледи.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бадминтон боюнча Борбор Азия чемпионаты 31-июлдан 5-августка чейин Тажикстанда өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран жана Түркмөнстандан 15 жана 17 жашка чейинки бадминтончулар катышты.

Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан Спорттук оюндар боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары катышып, командалык эсепте жана жуптар арасында үчүнчү орунга ээ болушту.

Сыйлыкка ээ болгондор:

  • Жасмин Айсарова - 2 коло медаль (командалык жана айымдар арасында жуп менен);
  • Айназик Мээримбекова - 2 коло медаль (командалык жана айымдар арасында жуп менен);
  • Актан Данияров - 2 коло медаль (командалык жана эркектер арасында жуп менен);
  • Мансур Турумбеков - 2 коло медаль (командалык жана эркектер арасында жуп менен);
  • Данил Рысбеков - коло;
  • Абдумалик Садыков - коло;
  • Мадина Махаматжанова -коло;
  • Таалайгүл Турарова -коло.

Спортчулар мелдешке машыктыруучулары Ниязбек Татарбек жана Улан Майрамбек уулунун жетекчилиги астында катышты.