Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Дүйнө чемпионатына даярдык көрүүдө

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Дүйнө чемпионатына даярдык көрүүдө

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына даярдык көрүүдө.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, окуу-машыгуу жыйыны 9-августтан 23-августка чейин Россиянын Владикавказ шаарында өтүп жатат.

Курама команданын тизмеси:

- 60 кг Жоламан Шаршенбеков;

- 67 кг Амантур Исмаилов;

- 67 кг Раззак Бейшекеев;

- 77 кг Акжол Махмудов;

- 87 кг Атабек Азисбеков;

- 87 кг Азат Самидинов;

- 97 кг Үзүр Жусупбеков;

- 97 кг Бексултан Махмудов;

- 130 кг Роман Ким.

Курама команданын машыктыруучулары:

- Улукбек Карачолоков - улук машыктыруучу;

- Азат Эркинбаев – башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.