Чүй облусунда жыл аягына чейин дагы 12 мектеп пайдаланууга берилет

Чүй облусунда жыл аягына чейин дагы 12 мектеп пайдаланууга берилет

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. 2023-жылы Чүй облусунда дагы 3120 орундуу 12 мектепти пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

2023-жылдын башында Чүй районундагы Калыгул айылында 150 орундуу мектеп имараты курулуп бүттү. Мектеп азыр иштеп жатат.

Учурда төмөнкү мектептердин курулушу бүткөрүлүүдө:
1. Аламүдүн районундагы Пригородное айылындагы 500 орундуу мектеп;
2. Ысык-Ата районундагы Тогуз-Булак айылындагы 150 орундуу мектеп;
3. Ысык-Ата районундагы Ивановка айылындагы №3 150 орундуу башталгыч мектеп;
4. Жайыл районунун Сосновка айылындагы 225 орундуу мектеп;
5. Ысык-Ата Ново-Покровка айылындагы №2 225 орундуу мектеп;
6. Логвиненко айыл аймагындагы жаңы конуштагы 250 орундуу мектеп;
7. Сокулук районунун Күнтуу айылындагы 540 орундуу мектеп;
8. Аламүдүн районунун Төмөнкү-Ала-Арча айылындагы 375 орундуу мектеп;
9. Сокулук районунун Комсомол айылындагы 150 орундуу мектеп.

Ошондой эле 3 мектепке кошумча имараттар курулууда:
10. Чүй районунун Кошой айылындагы 225 орундуу имарат;
11. Ысык-Ата районунун Боз-Бармак айылындагы 90 орундуу имарат;
12. Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы 240 орундуу имарат.