Жаманбаева Европа Биримдигинин элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Жаманбаева Европа Биримдигинин элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йосефсон жолугушту. Бул тууралуу Акыйткачы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тарап Кыргызстандагы адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо жагдайын, фундаменталдык баалуулуктарын, демократияны, укуктун үстөмдүгү менен жарандык коомду илгерилетүүгө байланыштуу пикир алышты.

Жаманбаева Кыргызстандагы демократиялык баалуулуктар менен адам укуктары жана эркиндиктеринин жогорку стандарттарын чыңдоого кошкон ЕБдин салымын белгилеп өттү.

"ЕБ өкүлчүлүгү Акыйкатчы институтун Кыргызстандагы адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо маселелери боюнча дайыма колдоп келет, жалпысынан институттун өнүгүшүнө салым кошкон абдан көп жакшы долбоорлор ишке ашты, албетте, бул аракеттер өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктери боюнча жагдайга оң таасирин тийгизди", - деген Жаманбаева Акыйкатчы институту өлкөдөгү адам укуктарын сактоо боюнча абалды жакшыртыш үчүн бардык чараларды көрүп келе жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал азыркы учурда коомдук талкууладыг "Акыйкатчы жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору кабыл алынса, милдеттүү түрдө Акыйкатчы институтун "А" макамына аккредитациялоо боюнча маселени демилгелеп чыгаарын кошумчалады.

Мэрилин Йосефсон өз кезегинде ЕБ тараптан Акыйкатчы институтуна зарыл болгон көмөк көрсөтүлөрүнө ишенерин айтты.

“ЕБ Кыргызстандагы Акыйкатчынын кеңсесинин ишин жогору баалайт жана анын көз карандысыздыгы менен ролун бекемдөөгө, ошондой эле Париж принциптерине ылайык келген жана Кыргызстанды "А" макамына жеткире турган реформаларды колдоого көмөк көрсөтүүнү улантат”, - деди ЕБ өкүлү.

Мындан тышкары, Жаманбаева жакын арада Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбаларын колдонуу менен сөз эркиндигине карата укукка комплекстүү талдоо жүргүзүү пландалып жатканын белгиледи.

"Негизинен сөз эркиндигине байланышкан иштер боюнча Страсбург сотунун тажырыйбаларын изилдөөнүн жыйынтыгы менен биз анык бир сунуштамаларды, ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыкмакчыбыз. Бул маселеде сиздердин көмөгүңүздөрдү күтөбүз", - деди Акыйкатчы.

Тараптар Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктеринин жогорку стандарттары менен демократиялык баалуулуктарды чыңдоо боюнча кызматташтыкты мындан ары дагы күчтөндүрүүгө макулдашты.