Кыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү 12 пайызга кыскарды

Кыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү 12 пайызга кыскарды

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда калктын жалпы өлүмү өткөн жылга салыштырмалуу 12%га кыскарды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегияда белгилүү болду.

Жыйынга катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун өз сөзүндө үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы өлүм көрсөткүчүнүн кыскарышын, ымыркайлардын жана энелердин өлүмүнүн азайгандыгын баса белгиледи.

"Өлкөдө жалпы өлүмдүн олуттуу төмөндөшү медицина кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун, жакшыртылган медициналык технологияларды жана сапаттуу дарылоонун жеткиликтүүлүгүн көрсөтүп турат. Саламаттыкты сактоо системасынын ийгилигинин эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири - ымыркайлардын өлүмүнүн кыскарышы болуп саналат. Эненин жана баланын ден соолугун коргоо боюнча жаңы программаларды киргизүү, педиатриялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана болочок ата-энелерге балага кам көрүү боюнча билим берүү бул көрсөткүчтүн жакшыруусуна өбөлгө түздү. Акушердик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кош бойлуу аялдарды колдоо жана медициналык кызматкерлерди даярдоону жакшыртуу менен энелердин өлүмүн азайтууга мүмкүн болду", - деди Байсалов.

Ал алыскы аймактарда меджардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана ар кандай ооруларды диагностикалоо жана дарылоодо инновациялык ыкмаларды киргизүү боюнча кошумча иш-чаралар пландалыпжатканын билдирди.

"Жарым жылдыктагы жетишкендиктер туура багыт алынганын, саламаттыкты сактоо тармагындагы аракеттер токтобой турганын айгинелейт. Өкмөт медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын мындан ары жакшыртууга жана өлкөнүн калкынын саламаттыгын камсыздоого умтулат", - деди Байсалов.

Өз кезегинде саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова ведомствонун жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыгы боюнча баяндама жасап, ошондой эле негизги оорулар боюнча статистикалык көрсөткүчтөргө токтолду.

Республикада калктын өлүмүнүн жалпы көрсөткүчү КР УСКнын алдын ала маалыматтары боюнча өткөн жылга салыштырмалуу 12,0%га төмөндөп, 1000 жашоочуга 4,4 түздү (2022-ж. - 5,0). 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы республика боюнча ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчүнүн 1,3%га төмөндөшү белгиленген (2023-ж. - 14,7; 2022-ж. - 1000 тирүү төрөлгөнгө 14,9). Энелердин өлүмүнүн деңгээли былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,6%га төмөндөгөн (2022-ж. – 33,1/23 аб.с.; 2023-ж. – 100 000 тирүү төрөлгөнгө 29,0/20).