Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү

Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү) сайтында айтылат.

Аталган рейтинг 13-16-июлда Венгрияда өткөн рейтингдик турнирден кийин өзгөртүлгөн. Анда Тыныбекова алтын медаль уткан. Бул жыйынтык Кыргызстанга 8000 упай алып келди.Азыр Тыныбекованын активинде 66075 упай бар жана 3-орундан 2-орунга көтөрүлүп жатат.

Бул 2023-жылдын эсебинен рейтинг аныкталган 4-турнир болду.