Бишкек мэринин орун басары япониялык делегация менен жолугушту. Эмнелер талкууланды?

Бишкек мэринин орун басары япониялык делегация менен жолугушту. Эмнелер талкууланды?

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Бишкек мэринин орун басары Мурат Осмонов Япониянын «IKEE Group» компаниясынын башкы директору Нишияма Шю, ошондой эле «JDI» компаниясынын өкүлдөрү Хадцукадэ Цумио жана Кусама Кенжи менен жолукту.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, жолугушууда жапон тарап Бишкекке болгон иш сапарынын максаттары менен бөлүшүп, өз продукциясын (муздак асфальт технологиясы) тааныштырды. Ошону менен бирге компаниянын өкүлдөрү кызматташуу пландары менен бөлүшүп, биргелешкен долбоорлорду каржылоонун варианттарынын бири JICA эл аралык кызматташуу боюнча япон агенттигинин механизмдери экенин белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну улантуу боюнча макулдашууга жетишти.

Бишкек шаарынын мэриясы жапон тарапка өндүрүш ишканалары менен таанышуу максатында курулуп жаткан асфальт-бетон заводуна жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын чарба базасына барууну сунуштады.

Мурат Осмонов кызматташуунун форматын, каржылоо моделин аныктоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле тез арада конкреттүү тапшырмаларды, мөөнөттөрдү белгилеп, долбоорду ишке ашыруу процессин тездетүү сунушун киргизди.