Каркыра жайлоосунда этно-бизнес фестиваль өттү

Каркыра жайлоосунда этно-бизнес фестиваль өттү

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. 15-16-июль күндөрү Түп районунун Каркыра жайлоосунда "Каркыра-Тринити" этно-бизнес фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалдын алкагында Балбай баатырдын 230 жылдыгы, мамлекеттик ишмерлер Казы Дикамбаев жана тарыхчы, академик Курман-Гали Каракеевдин 110 жылдык мааракелери белгиленди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, коомдук ишмерлер, мааракелери өткөрүлгөн мамлекеттик ишмерлердин урпактары, район жетекчилиги, Түп районунун тургундары, республиканын бардык аймактарынан келген меймандар жана чет элдик туристтер катышты.

Фестиваль эки күнгө созулуп, биринчи күнү боз үй, кол эмгек, улуттук тамак-аш боюнча сынактар, ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү өтүп, иш-чара улуттук спорттук оюндар, "Манас" эпосунан үзүндү айтуу, театрлаштырылган сценка жана концерттик программа менен коштолду.

Андан сырткары, инвестициялык бизнес-форум болуп, анда негизинен Россиядан келген ишкерлер Түп районуна туристтик багытка басым жасалаарын талкуулашты.