Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз иштеген 47 бинардык опцион жабылды

Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз иштеген 47 бинардык опцион жабылды

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз иштеген 47 бинардык опцион жабылды.

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, алардын имараттарындагы жазуулар алынып салынды.

Белгиленгендей, жабылган мекемелер бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген.

Учурда бул фактылар боюнча Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тишелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарында И.Ахунбаев, Дэн Сяопин, Б.Бейшеналиева, Чүй, Ю. Фучик, Ж.Абдрахманов, Байтик Баатыр, А.Сүйөркулов, Жибек жолу, Чүй облусунда Сокулук, Ысык-Ата райондорунда, Жалал-Абад шаарынын Н.Айтматова, Сузак районунда Дакан жана Юнусов көчөлөрүндө, Ош шаарында Курманжан датка, Ленин, А. Масалив, Г.Айтиев жана Ош облусунун Кара-Суу районунда бардыгы болуп 47 бинардык опциондор жабылып, бардык жазуулар, жарнамалык тактайчалар алынды.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, аталган опциондорго тиешелүү компьютердик техникалар алынды.

Азыркы учурда республикабыздын бардык аймагында ушул багыттагы мекемелер катуу текшерүүгө алынууда. Алардын мыйзамсыз ишмердиги аныктала турган болсо жабылып, кылмыш жоопкерчилиги каралат. Ал эми аныкталган фактылар боюнча ыкчам тергөө амалдары уланууда.

Министрлик текшерүүдөн кийин тиешелүү юридикалык баа берилип, жоопкерчиликтери карала тургандыгын билдирет.

ИИМ бинардык опциондордун жашыруун иштеп жаткандыгы тууралуу маалыматы барларды басма сөз кызматына билдирүүнү өтүнөт.