Акыйкатчынын орун басары ЕККУнун ЖМК маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен жолукту

Акыйкатчынын орун басары ЕККУнун ЖМК маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен жолукту

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) ЖМК эркиндигинин маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен жолугушту.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, тараптар жарандардын сөз эркиндигин коргоо боюнча жалпы таанылган нормаларды сактоонун маанилүү экендиги жөнүндө пикир алышты.

Тереза Рибейро ЕККУ Кыргызстанда “Журналисттердин коопсуздугу” деп аталган долбоорду ишке киргизүүнү пландап жатканын маалымдады.

“Долбоор боюнча Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон мамлекеттерге журналисттердин коопсуздугу боюнча механизмдерди сунуштоо пландалууда. Ошондой эле журналисттердин маалыматка жетүү боюнча көйгөйлөрү бар экенин белгилеп кетүү керек. Мамлекеттик органдар журналисттерге расмий маалыматты берүүдөн баш тарткан учурлар бар”, - деди өкүл.

Тараптар маалыматка жетүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн коопсуздугун жана укуктарын камсыздоонун маанилүү экендиги жөнүндө өз ара макулдашууга жетишти.

Айтиев Акыйкатчы институту мандатына ылайык, журналисттердин укуктары менен коопсуздугунун сакталышын колдой турганын баса белгиледи.