Баткенде 11 млн долларлык агрардык долбоор өз ишин баштады

Баткенде 11 млн долларлык агрардык долбоор өз ишин баштады

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Баткенде «Баткен облусунда жемиштүү өнөктөштүктү куруу үчүн экономикалык абал жана агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү» аталышындагы жыйын болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жыйындын ишине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, АРИС, Агровей уюмдарынын өкүлдөрү, район-шаар, айыл аймак башчылары, Бишкек шаарынан келген ишкерлер, жергиликтүү ишкерлер менен дыйкан фермерлер катышты.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк тарабынан Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлүнгөн. Анын 11 млн доллары айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалат. Долбоорду АРИС ишке ашырат.

Жыйындын жүрүшүндө АРИС уюмунун эксперттери айыл чарба тармагынын өнүгүү багыттары, долбоордун максаты, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Ал эми AgroWay компаниясы аймактын айыл чарбасынын жана агробизнесинин потенциалына жүргүзүлгөн комплекстүү изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

Жыйындын негизги максаты долбоордун 2-компонентинин алкагында изилдөө натыйжаларын презентациялоо жана талкуулоо, кызыкдар тараптар менен кызматташуунун картасын түзүү, Баткен облусунда артыкчылыктуу өндүрүштүк өнөктөштүктү өркүндөтүү.

Жыйынтыгында катышуучулар резолюция кабыл алышты. Ошондой эле ар бир айыл өкмөтү, жеңилдетилген товардык кредиттерди алуу үчүн иш пландарды жана долбоорлорду сентябрь айына чейин түзүү керектиги айтылды.