Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычы тапшырылды

Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычы тапшырылды

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычын тапшырды.

Өз сөзүндө, Акылбек Жапаров акыркы жылдары реформалардын алкагында бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирилип, анын натыйжасында компаниялардын чыгымдары туура пайдаланылып, энергетика тармагындагы материалдык-техникалык базаны жаңылоого жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылганын билдирди.

“Жабдуулар, линиялар – баары эскирди, жогорку чыңалууларга чыдабай жаткандыгы белгилүү. Президент бул маселени чечүү үчүн электриктерге иштегенге шарт түзүү милдетин алдыңкы планга койгон. Акыркы эки жылда биз энергетикада бир топ жаңыланууларга бардык. Кыргызстан жаңы техникаларды өзүнүн каражатына сатып алып жатат, бир сом дагы кредиттик каражат жок. Мамлекет өзүнүн каражатына техникаларды ала баштаганы өнүгүү жолунда экендигибизден кабар берет”, – деди ал.

Акылбек Жапаров энергетиктерге 29 атайын жаңы техникалардын ачкычын тапшырып жатып, жалпысынан 2023-жылга 359 млн сомго 76 атайын жаңы техника алынарын кошумчалады.

“Адистештирилген техникалар энергетика тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт жана электр менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жакшыртат деп ишенем”, – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.