Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,3 млрд куб метрди түздү

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,3 млрд куб метрди түздү

Бишкек, 04.07.23./Кабар/. Бүгүн, 4-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 357 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 701 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 430 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.