QR-код деген эмне жана аны кантип колдонсо болот? Улуттук банктын адисинин жообу

QR-код деген эмне жана аны кантип колдонсо болот? Улуттук банктын адисинин жообу

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу үчүн банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү максатында QR кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндиги түзүлдү, бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын санарип жана финансы технологиялары бөлүмүнүн башчысы Айгүл Бакесариева айтып берди.

QR-код - бул белгилүү бир маалымат катылган төрт бурчтуу ак-кара түстөгү сүрөт. Ал интернет-сайтка, товарлардын электрондук каталогуна жана уюлдук тиркемеге шилтеме болушу мүмкүн. Коддун аталышындагы QR тамгалары «QuickResponse», башкача айтканда, «тез жооп» дегенди билдирет. Аты айтып тургандай, смартфонуңуз анда катылган маалыматты бир секунддун ичинде окуп, анан шилтемеге өтүп, товар же кызмат үчүн төлөй алат.

QR-код – өзүндө ар кандай маалыматтарды, анын ичинде төлөм жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды камтыган эки өлчөмдүү штрих-кодду билдирет.

QR-код – смартфонго орнотулган атайын программаны колдонуу аркылуу телефондун камерасы тарабынан окулат. Ушундай ыкма менен

QR-коддо камтылган маалыматты тез арада алууга жана төлөм жүргүзүүгө болот.

Кыргыз Республикасында финансылык төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн QR-коддун улуттук стандарты иштелип чыккан жана бекитилген, пайдалануу эрежелери иштелип чыккан, ошондой эле ар кандай төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын (интероперабелдүүлүгүн) камсыз кылуу үчүн жаңы субъект: өз ара иш алып баруу оператору каралган.

2022-жылдын декабрында төлөм системаларын система аралык интеграциялоо иш-чаралары аяктаган (банктык карталар, электрондук капчыктар жана мобилдик тиркемелер), QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндиги түзүлгөн.

Долбоор ишке киргенден бери 2023-жылдын 1-июнына карата өз ара аракеттенүү оператору системасы аркылуу 291,6 млн сом суммасында 179 миң төлөм жүргүзүлгөн, анын ичинен 14,7 миң мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр 21 млн сом суммасында жүргүзүлгөн. Товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү накталай эмес түрдө кабыл алуу үчүн банктар жана төлөм уюмдары республиканын соода жана тейлөө иш каналарында 11 332 QR - коддору орнотулган.