Кыргызстанда биринчи жолу өпкө лобэктомия операциясы жасалды

Кыргызстанда биринчи жолу өпкө лобэктомия операциясы жасалды

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу өпкөнүн лобэктомиясы боюнча (өпкөнүн иштешин сактоо менен бир бөлүгүн алып салуу) минималдуу инвазивдүү хирургиялык операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мастер-класс режиминдеги бул операция КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда Синьцзян медициналык университетинин Көкүрөк хирургиясы борборунун дарыгерлеринин делегациясынын илимий иш сапарынын алкагында жүргүзүлдү. Кытай делегациясын борбордун директору доктор Че Июн баштап келди.

Алдын ала кыргызстандык жана кытайлык дарыгерлер өпкө кургак учугун хирургиялык дарылоодогу заманбап ыкмалардын өзгөчөлүктөрүн илимий-практикалык конференцияда талкуулашкан.

Кытайлык дарыгерлер көкүрөккө минималдуу инвазивдүү хирургиялык операцияларды жасоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Маалым болгондой, минималдуу инвазивдүү хирургия эндоскопиялык ыкмаларды колдонуу менен же булчуңдардын кичинекей кесилиши аркылуу хирургиялык кийлигишүүлөрдөн кийин травмаларды олуттуу түрдө азайтат.

"Өпкөнүн лобэктомиясы боюнча операция Кыргызстанда биринчи жолу жасалып жатат. Операцияга тартылган бардык жабдуулар келечекте ушул сыяктуу операцияларды жасоо үчүн биздин борбордо калат", – дейт Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров.

Кытайлык дарыгерлердин илимий иш сапарынын жыйынтыгында Синьцзян медициналык университетинин Көкүрөк хирургиясы борбору менен Улуттук фтизиатрия борборунун ортосунда илимий-практикалык кызматташууну улантуу боюнча үч жылдык келишимге кол коюлду. Анын алкагында медициналык кызматкерлерди даярдоо, тажрыйба алмашуу жана башкалар каралган.