Айтматов проспектисиндеги мыйзамсыз курулган объектилерди алуу уланууда

Айтматов проспектисиндеги мыйзамсыз курулган объектилерди алуу уланууда

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы мыйзамсыз курулган объектилерди бузуу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган проспектте жалпы аянты 15 чарчы метрди түзгөн өз билемдик менен орнотулган кирүүчү 3 эшик алынды.

Ошондой эле эскертүү баракчасы берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ыктыярдуу түрдө жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн 2 объект буздурулуп, 6 чарчы метр болгон күркө алынды.