Эстеликке сүрөткө түшө кетиңиз. Орто-Токой суу сактагычында фотозона пайда болду

Эстеликке сүрөткө түшө кетиңиз. Орто-Токой суу сактагычында фотозона пайда болду

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына кызыккан коноктор үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында "Орто-Токой" суу сактагычында сүрөткө түшө турчу атайын бурч (фотозона) пайда болду. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасыны жазды.

Министр тоо койнун аралап, алыс жолго сапар тарткан ар бир жүргүнчү эми суу сактагычынан токтоп, айланага көз чаптырып, эстеликке сүрөткө түшсө болорун билдирди.

Текебаев фотозона үчүн эң башкысы коопсуз жер тандалып алынгандыгын кошумчалады.

“Кыш мезгилинде Нарын облусуна иш сапар менен бара жатып, жол боюнда токтоп турган туристтерди көрүп, Кыргызстаныбыздын кооз керемет жерлерине кызыккан конокторго жагымдуу шарт түзүү идеясы келген. Дароо жанымдагы кызматкерлерге жол четин тегиздеп, түздөтүп, атайын тосмолорду орнотуу тапшырмасын бергем. Мына минтип, ойлогонубуз орундалып, туристтерибизге жана жарандарыбызга токтоп эс алууга, сүрөткө түшүүгө жагымдуу шарт түзүлдү”, - деди ведомство жетекчиси.

Эми туристтер коопсуздук жана ыңгайлуулук жөнүндө ойлонбостон панорамалык көрүнүштөрдү көрүп, сүрөткө түшө алышат.

Тилек Текебаев башка жолдордо мындай тосмолорду орнотуп, фотозона уюштуруу планда бар экенин билдирип, бир гана айлананы таштандыга толтурбай, аяр мамиле жасоого чакырды.

Орто-Токой суу сактагычы ― Кыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Нарын дубанындагы Кочкор ооданынын аймагында. Чүй дубанынын нугунда, Балыкчы темир жол бекетинен 20 км. ВКП(б) БКнын жана КСРБ ЭКСтин 1940-жылдын жалган куран айынын 19 (март) токтому боюнча курулган. Деңиз деңгээлинен 1700м бийиктикте.

Плотинасы 1941-жылы курула баштап, 1961-жылы аяктаган. Узундугу 18км, эң жазы жери 5км, терең жери 47м. Анын суу толгондогу аянты 24км2, сыйымдуулугу 470 млн м3. Суу сактагычтан алынган суу менен 120 миң га жер (Кыргызстандын 86 миң га, Казакстандын 34 миң га жери) сугарылат. Секундасына орто эсеп менен 12,8м3 суу чыгарат. Плотинасы Төмөнкү Орто-Токой капчыгайынын башталышында жайгашкан. Анын бийиктиги 52м. Узундугу 365м, туурасы кырына чейин 6м. Суу чыгуучу тоннели (узундугу 567м, диаметри 4,5м) капчыгайдын оң жантайышындагы асканын алдында жасалган. Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат.