Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Кыргызстандын капчыгында 14 медаль бар

Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Кыргызстандын капчыгында 14 медаль бар

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. 1-4-май аралыгындаБишкекте Дүйнөлүк рейтингдик мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командалары жалпы 14 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 алтын, 2 күмүш жана 8 коло медаль.

Грек-рим күрөшүнөн Бексултан Махмудов (97 кг), Дастан Кадыров (63 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) коло байге тагынды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло утту.

Эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг), Тайырбек уулу Жумашбек (61 кг), Орозобек Токтомамбетов (70 кг) алтын, Бекзат Алмаз уулу (57 кг), Алибек Осмонов (65 кг) күмүш, Абдумалик Карачев (61 кг), Икромжон Хаджимуратов (65 кг), Эрназар Акматалиев (70 кг), Адилет Маратбаев (79 кг) коло медалга татыды.