Жыл башынан бери бюджетке импортко кыйыр салык боюнча 16,2 млрд сом түштү

Жыл башынан бери бюджетке импортко кыйыр салык боюнча 16,2 млрд сом түштү

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 1-январынан тартып 15-июлуна чейин ЕАЭБ алкагында бюджетке 16 млрд 231,6 млн сом суммасында импортко кыйыр салыктардын түшүүсүн камсыз кылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 млрд 252,6 млн сомго көп же өсүү ыргагы 147,8% ды түздү.

Эсепке алынбаган товарларды ташып келүүнү төмөндөтүү максатында ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен тышкы экономикалык ишмердикти ишке ашыруучу субъекттер тарабынан салыктардын толук эсептелинишине жана төлөнүшүнө туруктуу негизде мониторинг жана талдоо жүргүзүлөт.

Иштин жыйынтыгы боюнча салыктарды төлөбөөнүн эсептик тобокелдиктери аныкталды. Жыл башынан бери аймактык салык органдарына 368 млн сом суммасында 124 материал жөнөтүлгөн, анын ичинен 146 715,4 миң сому кошуп эсептелинип, 2 557,3 миң сому өндүрүлгөн.

Ошондой эле аталган мезгил ичинде ташылып келген жүктөргө товар коштоочу тийиштүү документтерди бербеген фактылар боюнча 1 021 материал мобилдүү топторго өткөрүлүп берилген. Өткөрүлүп берилген материалдардын саны 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 567 бирдикке көбөйгөн.