Кыргызстанда буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40%га жогорулады

Кыргызстанда буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40%га жогорулады

Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыгы июль айына карата абалы боюнча буудайга болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 29,15 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3 пайызга өскөнүн көрсөттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Ошол эле учурда, буудайдын чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп, Бишкек (кг үчүн 31,46 сом), Токтогул (кг үчүн 30,96 сом), Исфана (кг үчүн 30,73 сом) жана Өзгөн (кг үчүн 30 сом) шаарларында, ал эми төмөн болуп - Чаек айылында (кг үчүн 18 сом), Каракол (кг үчүн 20,87 сом) жана Кара-Суу (кг үчүн 23,59 сом) шаарларында түзүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында мурунку айга салыштырмалуу республикадагы буудайга чекене баа 3,4 сомго же 13,1 пайызга жогорулады.

Июль айында буудайга болгон баанын мурунку айга салыштырмалуу кыйла өсүшү Токтогул шаарында 47,1%га жана Нарын шаарларында 43,0%га катталган.