2021-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга акча которуулар 45,3%га көбөйгөн

2021-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга акча которуулар 45,3%га көбөйгөн

2021-жылы январь-майда Кыргызстанга акча которуулар 778,1 млн долларды түзүп, 45,3%га өстү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча которуулар тутуму менен ишке ашкан жеке адамдардын акча которууларынын таза агымы 1888, 9 млн долларды түзгөн, бул 2019-жылга салыштырмалуу 2,0%га көптүк кылат.