Кыргызстанда жыл башынан бери калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифи 4,3%га жогорулады

Кыргызстанда жыл башынан бери калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифи 4,3%га жогорулады

Кыргызстанда өткөн жылдын июнь айына салыштырмалуу калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 4,3%га жогорулады. Бул тууралуу КР улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы январь-июнь айларында кызмат көрсөтүүнүн тарифи жалпы республика боюнча 1,2%га жогорулаган.

Ошентип, мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүдө (6,7 пайызга), кызмат көрсөтүүлөрдүн турак жайларды күнүмдүк күтүү жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө (5,9 пайызга), кийим тигүү кызматтарына (4,3 пайызга), жеке транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча (3,8 пайызга), амбулатордук кызмат көрсөтүүсүндө (2,7 пайызга), маданий иш-чараларды уюштурууда (2,5 пайызга), чачтарач кызмат көрсөтүүлөрүндө (1,6 пайызга), транспорт кызматтары (1,5 пайызга), мейманкана тейлөөсүндө (1,5 пайызга) тарифтердин олуттуу өсүшү катталды.