15-июлдан тартып бир катар товарларга КНСтин ставкасы нөл пайыз өлчөмүндө белгиленет

15-июлдан тартып бир катар товарларга КНСтин ставкасы нөл пайыз өлчөмүндө белгиленет

КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы № 70 токтому менен 2021-жылдын 15-июлунан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде бир катар товарларга салык салынуучу жеткирүүлөр жана салык салынуучу импорттор боюнча кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл пайыз өлчөмүндө белгиленет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чечим азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу жана айыл чарба жаныбарларын өстүрүү менен алектенген чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Атап айтканда, мындай ставка төмөнкү товарларга карата колдонулат:

– тазаланбаган, майдаланган же майдаланбаган, пресстелген же гранул түрүндөгү саман жана дан өсүмдүктөрү (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1213000000), брюква, жалбырактуу кызылча (монгольд), тоют тамыр өсүмдүктөрү, чөп, беде, кара беде, эспарцет, тоют капустасы, бөрү буурчак, жер буурчак жана ушул сыяктуу гранулдашкан же гранулдашпаган тоют азыктары (ЕАЭ ТЭИ ТН коду 1214), жүгөрү (1005 коду), арпа (1003900000 коду), сулу (1004900000 коду).

Ошентип, өлкө ичинде жогоруда көрсөтүлгөн товарларды сатууда, ошондой эле аларды республиканын аймагына импорттоодо КНС боюнча ставка нөль пайыз өлчөмүндө колдонулат.

Токтом 2021-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирет.