...

Кыргызстанда акыркы алты айда өнөр жай продукцияларынын көлөмү 154 млрд сомду түздү

Экономика Башка жаңылыктар 14 İyul 2021 10:28
Кыргызстан Kabar Nursuluu
Кыргызстанда акыркы алты айда өнөр жай продукцияларынын көлөмү 154 млрд сомду түздү

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2021-жылдын январь-июнь айларында 154 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 10,6 пайызга төмөндөдү, буга себеп фармацевтикалык продукциялар (36,5 пайызга), негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарынын, ошондой эле химиялык продукциясынын (31,2 пайызга) кыскарышы таасирин тийгизди.

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалды, анын көлөмү – 14,2 пайызга жакын төмөндөдү, ал эми айыл чарбасында, тескерисинче, көлөмдүн 1,3 пайызга, дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн 11,0 пайызга өсүүсү байкалды.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү