Марипов түштүк кореялык бизнес-делегация өкүлдөрү менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Марипов түштүк кореялык бизнес-делегация өкүлдөрү менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөгө өз ара кызыкчылыкты жараткан келечектүү багыттарда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү иликтөө үчүн келген бизнес-делегация өкүлдөрү (Корея Республикасы) менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, Корея Республикасы Кыргыз Республикасынын Азия-Тынч Океан аймагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана делегация өкүлү Пак Хё Риндин Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунда ыкчам режимде ПЧР-тестирлөөнү өткөрүү үчүн заманбап лабораторияны ачуудагы өзгөчө ролун белгилеп кетти.

«Заманбап ПЧР-лаборатория COVID-19 каршы күрөшүүдө оорунун жугуу учурларын ыкчам аныктоодо гана маанилүү роль ойнобостон, анын жайылышына каршы натыйжалуу күрөшүүгө да мүмкүндүк берет», - деди Улукбек Марипов.

Жолугушуунун журүшүндө жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү, ошондой эле чет элдик инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо боюнча мамлекет тараптан кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды, аталган маселелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттерине кирет.

Кореянын санариптештирүү жана алдыңкы SMART технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбасы жана жетишкендиктери жаатында конструктивдүү диалог болуп өттү. Тараптар өзгөчө көңүлдү келечекте Кыргыз Респуликасынын башка шаарлары үчүн өнүгүүнүн үлгүсү болчу «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууга бурду.

Өз кезегинде кореялык компаниялардын өкүлдөрү санариптештирүү, медицина, билим берүү, туризм жана спорт жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууда өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин белгилешти.

Алар кошумчалагандай, энергетика тармагындагы келечектүү долбоорлорду талкуулоо жыйынтыгы боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен МЖӨ алкагында диагностикалык борборду жана лабораторияны түзүү боюнча консультациялар өткөрүлдү, Билим берүү жана илим министрлиги менен онлайн билим берүү, орто мектептер үчүн аянтча жана консультацияларды уюштуруу жана алар үчүн уникалдуу контентти түзүү маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болуп өттү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюу пландаштырылууда.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоого, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык долбоорлорду ишке ашырууга ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.