Кыргызстанда алты айда ИДП көлөмү 271 млрд сомду түздү

Кыргызстанда алты айда ИДП көлөмү 271 млрд сомду түздү

Кыргызстанда 2021-жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү болжолдуу маалыматтар боюнча 271 млрд сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, бул 2020-жылдын ушул убагына салыштырмалуу 1,7%га аз. “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда ИДП көлөмү 242 млрд сомго жакын болуп, 2020-жылдын алты айына салыштырмалуу 3,7 пайызга көбөйгөн.