Цементтин чекене баасы бир айдын ичинде 13 пайызга өстү

Цементтин чекене баасы бир айдын ичинде 13 пайызга өстү

Үстүбүздөгү жылдын июнунда цементке болгон чекене баалар республика боюнча орточо 50 кг үчүн 355,1 сомду түзгөн жана май айына салыштырмалуу дээрлик 13 пайызга өскөн.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, ал эми кирпичтин баасы, тийиштүүлүгүнө жараша, салыштырмалуу 1000 даана үчүн 7 840,8 сомду түзгөн жана 5 пайызга өскөн.

Муну менен бирге, цементке болгон максималдуу чекене баалар Кара-Балта шаарында (50 кг үчүн 400 сом), Чаек айылында (50 кг үчүн 399,9 сом), жана Нарын шаарында (50 кг үчүн 394,9 сом) түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Жалал-Абад жана Өзгөн (50 кг үчүн 300 сом), жана Ноокат (50 кг үчүн 320 сом) шаарларында катталды.

Кирпичке карата чекене баалар Токмок (1000 даана үчүн 13 228,8 сом), Исфана (1000 даана үчүн 12 000 сом), Ноокат (1000 даана үчүн 10 247 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өстү, ал эми ага карата минималдуу баалар Кара-Суу (1000 даана үчүн 2 978,1 сом), Кербен (1000 даана үчүн 3 741,7 сом) жана Өзгөн (1000 даана үчүн 5 899,2 сом) шаарларында байкалды.

Цементке болгон баанын өткөн айга салыштырмалуу Кара-Балта шаарында - 21,2 пайызга, Бишкек шаарында - 18,2 пайызга, жана Ош шаарында - 14,5 пайызга олуттуу өсүшү катталды, ал эми кирпичке болгон баалар Исфана шаарында - 41,2 пайызга, Кара-Балта шаарында - 40,0 пайызга жана Кербен шаарында - 21,9 пайызга өскөнү катталды.