Улуттук банк: Төрт жылда кредит портфелинин көлөмү 76,1 млрд сомго өскөн

Улуттук банк: Төрт жылда кредит портфелинин көлөмү 76,1 млрд сомго өскөн

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча кредит портфелинин жалпы көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу 76,1 млрд сомго же 59,5 пайызга өскөн.

Улуттук банктан билдиришкендей, бир убакыттын акырына карата банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү:

- 2022-жылга карата 204,0 млрд сомду түздү,

- 2021-жылга карата 181,8 млрд сомду түздү,

- 2020-жылга карата 162,6 млрд сомду түздү,

- 2019-жылга карата 146,4 млрд сомду түздү,

- 2018-жылга карата 127,9 млрд сомду түздү.

2022-жылы кредит портфелинин түзүмүндө эң көп көлөм 31,8 млрд сомду же 15,6 процентти түзгөн кыска мөөнөттүү кредиттерге салыштырмалуу 166,7 млрд сомду же кредиттердин жалпы көлөмүнүн 81,7 пайызга жеткен узак мөөнөттүү кредиттерине туура келет.

Банк кардарларынын мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын үлүшү 5,5 млрд сомду же 2,7 пайызды түздү.