КР менен Литванын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

КР менен Литванын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Вильнюс шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Литванын Өнөр жайчылар конфедерациясынын вице-президенти Ромас Остинкас менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Литванын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Айбек Молдогазиев товардык позицияларды Евробиримдиктин аймагына пошлинасыз экспорттоого мүмкүнчүлүк берген Евробиримдиктин программасынын катышуучуларына болгон Преференциялардын Жалпыланган схемасын (ВСП+) ишке ашыруунун жүрүшүнө кеңири токтолду.

КР тышкы иштер министринин орун басары Литванын жана Европа Биримдигине мүчө-мамлекеттердин рынокторуна ата мекендик продукцияны чыгаруу жагынан 2023-жылы өлкөнүн ВСП+ программасына расмий катышуусун андан ары узартуунун маанилүүлүгүнө басып кылып, бул Программаны натыйжалуу ишке ашырууда Кыргызстанга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Айбек Молдогазиев пандемиянын кесепеттери жана жаңы геосаясий шарттар салттуу ресурска багытталган экономикадан санарип, «жашыл» экономикага өтүү менен түзүмдүк реформаларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн арттырып жаткандыгын белгилеп, Литва менен шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү, гидроэнергетика, туризм, маалымат технологиялары, транспорт жана логистика тарматарында кызматташууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Буга байланыштуу министрдин орун басары Кыргызстандын министрлер кабинети өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, ошондой эле литвалык инвестициянын тартууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Литванын Өнөр жайчылар конфедерациясынын өкүлдөрүнө Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлорду тартууга жана алардын укуктарын коргоого карата либералдык мыйзамдык база түзүлгөндүгү тууралуу маалымат берилди. Ошону менен бирге кыргыз делегациясынын башчысы маектешкендердин көңүлүн Кыргызстанда экспорттоочу жана импорттоочу компанияларга өзгөчө бажы жеңилдиктерин берген эркин экономикалык аймактардын иштешине бурду.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланышты активдештирүү, буга байланыштуу КР тышкы иштер министринин орун басары литвалык ишкерлерди кызматташууну олуттуу талкуулоо үчүн Кыргызстанга бизнес миссиясы менен келүүгө чакырды.