Сауд Аравия инвесторлору Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

Сауд Аравия инвесторлору Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү Сауд Аравиясынын ACWA Power жана FAS Group компанияларынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Энергетика министрлигинин өкүлдөрү Кыргызстандын гидроэнергетикалык, энергиянын кайра жаралуу булактарынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Ал эми Сауд Аравиясынан келген инвесторлор Кыргызстандын аймагында күн, шамалдан электр энергиясын өндүрүү үчүн биргеликте иштешүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Атап айтканда, компаниянын өкүлдөрү “Камбар Ата-1” ГЭСин долбооруна катышууга кызыкдар экенин билдирип, жеринен барып таанышты. Мындан тышкары, күндөн, шамалдан электр энергиясын өндүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу максатында Ысык-Көл облусуна барышты.

Келген инвесторлор Кыргызстандын энергетика тармагынын мүмкүнчүлүктөрүнүн кенен экенин айтышып, кеңешүүдөн кийин кызматташуу боюнча чечим кабыл алынарын белгилешти.

Энергетика министрлиги Кыргызстандагы энергетика тармагына болгон жаңы кубаттуулуктарды киргизүү үчүн Сауд Аравиядан келген инвесторлор менен биргеликте иштешүүгө даяр.