Улуттук банк интервенция жүргүзүп, 55,2 млн доллар сатты

Улуттук банк интервенция жүргүзүп, 55,2 млн доллар сатты

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы кечээ, 16-ноябрда интервенция жүргүзүп, валюта рыногуна 55,2 млн доллар сатты. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, жалпысынан Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна алты жолу интервенция менен чыгып, акыркысын эсепке алганда 272 млн доллар сатты. Анын ичинен 10-мартка карата 66 млн 650 миңи накталай, калганы накталай эмес түрдө сатылды.

Буга чейинки интервенция 10-мартта жүргүзүлгөн. Анда 19 млн 450 миң доллар сатылган. Бул жылы эң чоң чыгуу 27-январда болгон, анда валюта рыногуна 86,5 млн доллар сатылган.

Ошондой эле быйыл Улуттук банк жети жолу интервенция менен чыгып, жалпысынан 190 млн 740 миң доллар сатып алды.

Белгиленгендей, валюталык интервенция Улуттук банк тарабынан алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында жүргүзүлөт.