Монополияга каршы кызматы жыл башынан бери бюджетке 140 млн сом которду

Монополияга каршы кызматы жыл башынан бери бюджетке 140 млн сом которду

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жыл башынан бери монополияга каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн республикалык бюджетке 140 миллион сом которду, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, КР "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамынын алкагында керектөөчүлөр менен (керектөөчүлөргө кайтарылган) 12 млн 883 миң 483 сомго кайра эсептөө жүргүзүлгөн.