Азербайжандык ишкерлер Чүйдөгү ири ишканалар менен кызматташууга кызыкдар

Азербайжандык ишкерлер Чүйдөгү ири ишканалар менен кызматташууга кызыкдар

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Азербайжандын бизнес тармагынын өкүлдөрү Чүй облусунун ири ишканалары менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу аталган өлкөдөн келген ишкерлердин тобунун жетекчиси Зафар Мамедов президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Чүй облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, ишкерликти өнүктүрүү жаатында конкреттүү иш-пландар талкууланды.

Натыйжада ишкерлер Чүй облусунун “Кант Сүт”, “Үмүт и К” сыяктуу көрүнүктүү ишканалары менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. “Аталык Групп” ЖАК менен дагы кызматташуу боюнча макулдашуулар жүрүп жатат.

Ошондой эле, Азербайжан өлкөсүнөн келген ишкерлер Чүй облусунун Ысык-Ата, Кемин райондоруна убактылуу жайгашкан Баткен облусунан келген мекендештерге жалпы 252 миң сомдук гуманитардык жардам көрсөтүштү.