Улуттук банк 2021-жылдагы алтын экспортуна байланышкан кырдаалга түшүндүрмө берди

Улуттук банк 2021-жылдагы алтын экспортуна байланышкан кырдаалга түшүндүрмө берди

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Улуттук банк 2021-жыл ичинде тышкы соода жүргүзүү, атап айтканда, алтынды экспорттоого байланышкан кырдаалга түшүндүрмө берди.

Белгиленгендей, Улуттук банк алтын-валюта резервдеринин ликвиддүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо принциптерин сактоо менен туруктуу негизде Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн алтынды улуттук валютага сатып алат.

“Кыргыз Республикасында баа жана финансылык туруктуулукту сактоого багытталган акча-кредит саясатынын максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруунун алкагында Улуттук банк баалуу металлдарды андан ары жайгаштыруу жана/же сатып өткөрүү максатында аларды тышкы рынокторго жайгаштыруу боюнча стандарттуу операцияларды жүргүзөт”, - деп билдиришти Улуттук банктан.

Банктан кошумчалашкандай, бул операциялар Улуттук банкка өз учурунда жана ыкчам түрдө алтын-валюта резервдеринин ликвиддүү бөлүгүн толуктап турууга шарт түзөт. Тышкы рыноктордо баалуу металлдарды сатып өткөрүүдөн алынган валюталык каражаттар Улуттук банктын эсептерине түшүп, кайра акча-кредит саясатында каралган негизги милдеттерди чечүүгө багытталат.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин 2021-жыл үчүн тышкы соода боюнча берген маалыматтарында, 1,1 млрд АКШ доллары тегерегиндеги суммага 19 тоннага жакын алтын экспорттолгондугу белгиленген. Аталган маалымат 2021-жылдын башында өткөрүлгөн КР Улуттук банкынын акча-кредит саясатынын алкагында чет өлкө валютасында ликвиддүүлүктү камсыз кылуу максатында Европа өлкөлөрүнүн бирине алтын жайгаштыруу боюнча операцияларын чагылдырат.

Тышкы рыноктордо алтынды сатып өткөрүүдөн алынган валюталык каражаттар Улуттук банктын эсебине түшкөн. Мындан ары аталган каражаттар 2021-жыл ичинде өлкөнүн ички валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө (735 млн АКШ долларынын тегерегинде), чет өлкө валютасында өлкөнүн башка милдеттенмелерин жана тышкы карызды төлөө боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө (200 млн АКШ доллары тегерегинде) багытталган. Буга кошумча, эл аралык резервдердин деӊгээли 2021-жылдын аягында 169,5 млн АКШ долларына же 6,0 пайызга көбөйүп, 2 977,6 млн АКШ долларын түзгөн”, - деп билдиришти Улуттук банктан.

Улуттук банк жогоруда көрсөтүлгөн принципти сактоо менен эл аралык резервдерди тескөө процессин жүзөгө ашырат, демек бул операциялар тууралуу маалымат чектелген мүнөзгө ээ.

Улуттук банктан өз ишин жүзөгө ашырууда маалыматты ачык-айкын, так жана толук чагылдыруу принциптерине таянарын белгилешти.