Кыргызстанда жарым жылда азык-түлүк 12,5%га кымбаттады

Кыргызстанда жарым жылда азык-түлүк 12,5%га кымбаттады

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин өсүүсү жалпысынан 9,1%ды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Айнура Орозбаева билдирди.

Анын маалыматына ылайык, муну менен катар тамак-аш продукциясы жана алкоголсуз суусундуктар 12,5%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 11,8%га, азык-түлүк эмес товарлардын баасы 5,1%га, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифи 3,8%га өскөн.

Керектөө баалары жана тарифтер үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында республиканын бардык аймактарында байкалган.

Мында баанын максималдуу өсүшү 12,4%га Нарын облусунда катталган, бул башка региондорго салыштырмалуу эң көп, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына - 24,2%га кымбаттаганы менен шартталган.