Акылбек Жапаров: ЕАЭБдин ички рыногунда тобокелдиктерди минималдаштыруу механизмдерин киргизүү зарыл

Акылбек Жапаров: ЕАЭБдин ички рыногунда тобокелдиктерди минималдаштыруу механизмдерин киргизүү зарыл

Минск, 21.06.22. /Кабар/. Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйыны өттү.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын алгачкы беш айынын жыйынтыгы ИДПнын өсүү динамикасын көрсөтүүдө.

«2022-жылдын январь-май айларында Кыргыз Республикасынын ИДП көлөмү 270,2 млрд сом суммасын түзүп, реалдуу өсүү темпи 105,7%ды түздү. Өлкөбүздүн тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылдын январь-апрель айларында 3,0 млрд АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 43,3%га өстү. 2022-жылдын 4 айында интеграциялык бирикмеге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын өсүшү 16,3%ды түзсө, экспорт – 26,4%га, ал эми импорт 13,3%га өскөн.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдиктин экономикалык жана финансылык туруктуулугун камсыздоо үчүн биргелешкен аракеттерди консолидациялоо зарылдыгын белгиледи жана бул иштер алкагындагы бир катар ыкчам чараларды сунуштады.

«Биринчиден, кыска мөөнөттүү келечекте ЕАЭБ ички рыногунда социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын тартыштыгына байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу механизмдерин киргизүү зарыл. Кеп, биринчи кезекте жеке рынокту толтурууну эске алуу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча макулдашылган саясаттын механизмдери жөнүндө болуп жатат», - деп белгиледи ал.

Акылбек Жапаров экинчи чара катары үзүлгөн кооперативдик бизнес-чынжырчаларды ыкчам калыбына келтирүү деп атады.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өндүрүлгөн тигүү-текстиль продукциясынын сапаты жана дизайны белгилүү фирмалык кийим-кече өндүрүүчүлөрдөн кем калышпайт. Экологиялык жактан таза балдар тамак-ашын өндүрүү, машина курууну өнүктүрүү, лифт жабдууларын жана тетиктерин чыгаруу боюнча долбоорлорго катышууга даяр ишканалар бар. Буга байланыштуу Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү тууралуу бүгүн кабыл алып жаткан чечимибиз абдан туура», - деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысынын пикиринде, кийинки приоритеттүү чара бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн финансы рыногунун жана экономикасынын тышкы таасирлерге туруктуулугун бекемдөө жана финансылык ресурстарды натыйжалуу мобилизациялоо жана инвестициялоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

«Бул максатка жетүү үчүн улуттук валютадагы котировкалар менен евразиялык облигациялар рыногу демилгесин ишке киргизүү сунушталууда. Төртүнчү чара – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транзиттик потенциалын ыкчам кеңейтүү. Глобалдык өзгөрүүлөрдүн жана дүйнөлүк экономикалык борбордун чыгышка жылышынын шартында жаңы логистикалык коридорлорду өздөштүрүү жана толук кандуу транспорттук байланышты камсыз кылган транспорттук тутумду түзүү маанилүү», - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Жыйындын катышуучуларына кайрылып, Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 26-майында Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумдун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, бул иш-чара экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарын талкуулоого мүмкүндүк бергендигин белгиледи.

«Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, сиздерди жайкы жолугушууларыбыздын салттуу жайына айланган биздин берметибиз – Ысык-Көл жээгинде өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына чакырам», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.