Expo-Russia Kyrgyzstan 2022. Көргөзмө Кыргызстанга кандай пайда алып келет?

Expo-Russia Kyrgyzstan 2022. Көргөзмө Кыргызстанга кандай пайда алып келет?

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. КР президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин экспортту алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Тилек Жумалиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Expo-Russia Kyrgyzstan 2022 көргөзмөсүнөн Кыргызстанга кандай пайда болорун айтып берди.

Expo-Russia Kyrgyzstan 2022 биринчи эл аралык өнөр жай көргөзмөсү Expo Eurasia – 2022 жана Бишкек бизнес-форумунун алкагында 21-23-июнь аралыгында Бишкектеги “Аю Гранд” соода борборунда өтөт.

Иш-чара кадимки режимде өтөт жана www.ExpoRF.ru жана www.ExpoEurasia.org порталдарында онлайн көрсөтүлөт.

Тилек Жумалиев белгилегендей, 2021-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2 млрд доллардан ашкан.

“Биз Россиядан продукция импорттоого гана эмес, биздин продукцияны Россияга экспорттоого дагы кызыкдарбыз. Ушуга байланыштуу биз Россиядан өнөктөштөрдү чакырып жатабыз, алар тил табышсын, биз менен соода-логикалык борборлорду түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүшсүн деп. Бул бизге чийки зат менен гана камсыз кылбастан, кошумча нарк менен кайра иштетүүгө жардам берет жана бул РФнын аймактарын гана эмес, ошондой эле федералдык соода жана чекене тармактарын камтыйт”, - деди ал.