2021-жылы Кыргызстанда электрондук капчыктардын саны 35%га өстү

2021-жылы Кыргызстанда электрондук капчыктардын саны 35%га өстү

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылы электрондук капчыктардын саны 35%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, COVID-19 пандемиясы учурунда аралыктан төлөө жана электрондук соода бир кыйла өнүктү.

“Электрондук акча Кыргызстанда эң жеткиликтүү жана популярдуу курал бойдон калууда. Өткөн жылдын аягына карата электрондук капчыктын саны 4,7 млн бирдик деңгээлине жетти. Ошентип. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 34,9%га өстү”, - деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк “Кыргыз почтасынын” кеңселеринде калктын акча каражаттарын накталай алуу үчүн 396 POS-терминалдар орнотулганын кошумчалады.