Камбар-Ата-1 ГЭСинде өндүрүлгөн электр энергиясы экспорттолсо бюджетке жылына 234 млн доллар түшөт

Камбар-Ата-1 ГЭСинде өндүрүлгөн электр энергиясы экспорттолсо бюджетке жылына 234 млн доллар түшөт

Бишкек, 08.06.22. / Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берди.

Жапаровдун айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСинде жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны CASA-1000 долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө экспорттого шарт түзүлөт.

“Камбар-Ата-1 ГЭСинде жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергияны өндүрүү күтүлүүдө. Өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын CASA-1000 долбоору аркылуу 5,15 АКШ центине мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Бул Кыргызстандын экономикасына чоң салым алып келет жана өлкө бюджетине жылына 234 млн АКШ доллары түшөт. Биз үчүн финансылык пайда болсо, экологиялык маселени эске алганда дүйнөлүк коомчулук үчүн дагы өтө маанилүү”, - дейт президент.

Маалымат үчүн: “Камбар-Ата-1 ГЭС куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү - туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл.