Кыргызстандагы 450 миңден ашуун жарандын жөлөк пулу көбөйдү

Кыргызстандагы 450 миңден ашуун жарандын жөлөк пулу көбөйдү

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Кыргызстандагы 450 миңден ашуун жарандын жөлөк пулу көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 2021-жылдын октябрынан тарта калктын аялуу катмарынын 15 категориясына жөлөп пулдар көбөйтүлгөн.

«2021-жылдын октябрь айынан тарта өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана калктын аялуу катмарына мамлекеттик жөлөк пулдүн өлчөмү көбөйтүлгөн - 2021-жылдын октябрында, 2022-жылдын январь, июнь айларында. 2021-жылдын октябрынан тарта жарандардын 15 категориясы үчүн социалдык жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. 2021-жылдын 1-ноябрына карата алардын саны 95,6 миң адамды түздү. 2022-жылдын 1-январынан тартып алуучулардын айрым категориялары үчүн социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү да көбөйтүлдү, ал эми 2022-жылдын 1-июнунан тарта калган жарандардыкы», - деп билдиришти министрликтен.

Бүгүнкү күндө социалдык жөлөк пул алган жарандардын жалпы саны 101,8 миңди түзөт - бул чоңдор жана майыптыгы барлар, кары-картаңдар, жетим балдар, ВИЧ/СПИД менен жашаган энелерден төрөлгөн балдар.

Жөлөк пул алгандардын көпчүлүк бөлүгүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашагандар жана «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдар түзөт.

Белгилей кетсек, бул жөлөк пулдун өлчөмү 2016-жылдан бери 810 сом өлчөмүндө сакталып, 6 жылдан бери каралган эмес.

2022-жылдын 1-июнунан тарта жөлөк пулдун өлчөмү ай сайын ар бир бала үчүн 1200 сомго чейин жогорулатылды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 101,7 миңди же 349,8 миң баланы түзөт.

Жөлөк пулу көбөйгөн кыргызстандыктардын саны 450 миңди түзсө, алардын 80%ы балдар.