КР Экономика министрлиги менен РФ “МЕДСИ” компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморадумга кол коюлду

КР Экономика министрлиги менен РФ “МЕДСИ” компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморадумга кол коюлду

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Россиянын “МЕДСИ компаниялар тобу” акционердик коомунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бүгүн Бишкекте Россиянын “МЕДСИ” жеке клиникасы тарабынан уюштурулган медициналык конференуи өттү.

МЕДСИнин мыкты дарыгерлеринин – өз тармагындагы эксперттердин катышуусу менен өткөн медициналык конференция Кыргызстандын жана Борбор Азиянын жашоочуларына заманбап жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү боюнча МЕДСИнин компетенцияларына арналды.

“Бүгүнкү күндө МЕДСИ медициналык жардам көрсөтүүдө сапат жана коопсуздук жагынан Россиядагы саламаттык сактоо тармагындагы жеке клиникалардын ичинен лидер болуп саналат. Бул дарыгерлердин жогорку кесипкөйлүгү, заманбап технологиялар, жаңы жабдыктар, эң мыкты дүйнөлүк практика жана санарип сервистер. Бизде оорунун эң алгачкы стадиясына диагноз коюу жана дарылоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар, биздин дарыгерлер автордук жана уникалдуу ыкмаларды колдонушат. Биздин кыргызстандык кесиптештер менен кызматташтыгыбыз республиканын саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүдөөзунүн салымын кошот деп ишенем. Мен бул жерде 100дөн ашык бейтаптарды бекер кабыл алган дарыгерлерге ыраазычылык билдирем, алардын ар бирине текшерүү жана андан ары дарылоо боюнча кошумча сунуштар берилди”, — деди “Медси” компаниялар тобунун президенти Елена Брусилова.

Эскерте кетсек, Россиядагы алдыңкы клиникалардын бири “МЕДСИ” компаниялар тобунун өкүлдөрү Бишкекке келди. Аталган россиялык клиниканын алдыңкы кесипкөй дарыгерлери 4-5-июнда Бишкек шаарындагы төрт жогорку окуу жайдын базасында республиканын жашоочуларын бекер текшерүүдөн өткөрүшүп, консультацияларды беришти. МЕДСИ клиникасынын өкүлдөрү ар түрдүү оорулуу бейтаптарды дарылоо боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен төлүшүп, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен МЕДСИнин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.