Кыргызстанда биринчи жолу жинсы кийимдери чыгарыла баштайт

Кыргызстанда биринчи жолу жинсы кийимдери чыгарыла баштайт

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу жинсы кийимдери чыгарыла баштайт. Бул тууралуу ЮСАИДдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, «Текстиль Транс» компаниясы USAID`ден 8,4 миллион сомдук заманбап жабдууларды алды. Анын жардамы менен компания өлкөдө биринчи жинсы кийим өндүрүшүн ишке киргизет жана эркектер, аялдар жана балдар үчүн түрдүү кийимдерди сунуштайт.

«Өз кезегинде «Текстиль Транс» курулушка жана кошумча тигүү жабдууларына инвестиция салган. Бул өндүрүштүн кеңейүүсүнүн натыйжасында компания 350дөн ашык жаңы жумуш орундарын түзөөрү күтүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: «Текстиль Транс» ЖЧКсы - Кыргыз Республикасындагы пахтадан токулган эң ири толук цикл өндүрүүчүсү. Бүгүнкү күндө «Текстиль Транс» фабрикакаларында 1,5 миңден ашык кызматкер иштейт.