ЕАӨБ Кыргызстандын агроөнөр жай комлексин колдоого $8 млн бөлөт

ЕАӨБ Кыргызстандын агроөнөр жай комлексин колдоого $8 млн бөлөт

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Евразия өнүктүрүү банкы менен “Айыл банк” ААК Агроөнөр жай комплексин колдоо программасын ишке ашыруу боюнча 8 миллион долларлык алкактык келишимге кол коюшту.

Кол коюу Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунун алкагында өттү.

“Бул долбоор биздин “Айыл банк” менен ийгиликтүү кызматташуубуздун уландысы. Бул ЕӨБнын 2022-2026-жылдарга Кыргызстан үчүн өлкө стратегиясына ылайык банктын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багытына туура келет. Долбоордун максаты - агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү. Агроөнөр жай сектору Кыргыз Республикасынын экономикасында олуттуу роль ойнойт жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда жаңы соода мамилелерин жана товарларды жеткирүү чынжырларын курууда чоң экспорттук мүмкүнчүлүктөргө ээ”, - деп айтылат маалыматта.

Банк долбоордун айыл чарба өндүрүүчүлөрүн да, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды да колдоону күтөрүн баса белгиледи.

Эске салсак, 2014, 2017 жана 2018-жылдары КРдагы чакан жана орто бизнести колдоо программасынын алкагында “Айыл Банкка” жалпысынан 20 млн долларлык кредит берилген.