ЕАЭБ форумунда Казакстандан альянска кирген өлкөлөргө экспорттун өскөнү айтылды

ЕАЭБ форумунда Казакстандан альянска кирген өлкөлөргө экспорттун өскөнү айтылды

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Казакстанда Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө товар экспорттоонун туруктуу өскөнү белгиленди. Мындай билдирүүнү Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунун алкагында “Элдин кызыкчылыгында техникалык жөнгө салуу” аталышындагы панелдик талкуунун алкагында Казакстандын соода жана интеграция министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метология комитетинин төрагасы Арман Абенов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы республика ЕАЭБ өлкөлөрүнө товардын 809 түрүн экспорттогон, ал эми 2021-жылы алардын саны 837ге жетти.

Абенов белгилегендей, Казакстандын ЕАЭБге экспортунун түзүмүндө негизги товардык позициялар тамак-аш, эт-сүт, дан жана машина куруу продукциялары боюнча калууда.

Ошондой эле казакстандык чиновник ЕАЭБдеги негизги техникалык көйгөйлөрдү белгиледи.

Ага төмөнкүлөр кирет:

- техникалык регламенттерди жана ага өзгөртүү киргизүүнү иштеп чыгуунун узак мөөнөтү;

- аларды жыл сайын жа-цыртуу боюнча талаптардын сакталбагандыгы

- техникалык регламенттердин далилдик базасын камсыз кылуучу стандарттардын тизмелери менен системалуу иштөөнүн жоктугу.