Садыр Жапаров: ЕАЭБди өнүктүрүү — биримдикке кирген мамлекеттердин баарынан көз каранды болгон процесс

Садыр Жапаров: ЕАЭБди өнүктүрүү — биримдикке кирген мамлекеттердин баарынан көз каранды болгон процесс

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-майда, Бишкектеги Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында иш-чаранын модератору Александр Шохиндин суроолоруна жооп берип жатып: «ЕАЭБди өнүктүрүү — бул Биримдикке кирген ар бир мамлекеттин өзүнчө обочолонгон процесси эмес, ал ага мүчө-мамлекеттердин баарынан көз каранды болгон бири-бирин толуктоочу процесс», — деп билдирди.

Мамлекет башчы белгилегендей, Форумдагы талкуулардын негизги багыты ЕАЭБдин өнүгүү жолдорун жана келечегин, глобалдык трансформациялар доорунда туруктуу өнүгүүнүн резервдерин аныктоо болуп саналат. «Талкуунун натыйжалары практикалык иштерге түрткү болгон чечимдерге айландырылышы маанилүү», — деди ал.

Биримдиктин маанилүү милдеттери тууралуу суроого жооп берип жатып, президент Садыр Жапаров быйыл Кыргыз Республикасы төрагалык кылуучу тарап катары өз милдеттерин аткарууга киришкендигин баса белгиледи.

Ал белгилегендей, бирикменин негизги милдеттери катары төмөнкүлөр кала берет:

Биринчиси, «төрт эркиндикти» камсыз кылуу. Бул товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндиги.

Экинчиси — 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын өз убагында ишке ашыруу.

Үчүнчүсү — агроөнөр жай жана өнөр жай тармактарында биргелешип иш жүргүзүүү. Бул — импортту алмаштыруу максатында конкреттүү кооперация долбоорлорун ишке ашыруу жана Биримдиктин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.

Төртүнчүсү — туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында биздин интеграцияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алгоритмдерин жана механизмдерин аныктоо.

Бешинчиси — Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттары боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү.

«Бул милдеттер азыр дүйнөлүк саясатта олку-солкулук күч алып, Биримдиктеги өнөктөштөрүбүзгө каршы тандалма санкциялар күчөп жаткан шартта өзгөчө актуалдуу болуп жатат. Мындай кырдаалда тышкы жагымсыз факторлорго каршы бардыгыбыз тең мурдагыдан да ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтаруубуз зарыл болуп турат», — деп айтуу менен Садыр Жапаров Биримдикке кирген өлкөлөрдө пандемия маалындагы, өзгөчө анын күчөп турган мезгилиндеги, кыйынчылыктарга каршылык көрсөтүү боюнча жакшы тажрыйба бар экенин эске салды.

«Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүү — бул Биримдикке кирген ар бир мамлекеттин өзүнчө обочолонгон процесси эмес, бул ага мүчө-мамлекеттердин баарынан көз каранды болгон бирин-бири толуктап туруучу процесс. Мүчө-мамлекеттердин кайсы бирине карата жасалган тышкы басымды бүтүндөй Биримдиктен же кайсы бир-мүчө мамлекеттен бөлүп кароого болбойт. Бул жаатта биз ынтымактуу иштеп, аракеттерибиздин координациясын күчөтүшүбүз керек», — деди ал.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, «евразиячылык» идеясын Биримдиктин аймагында гана эмес, өнөктөш интеграциялык бирикмелерде да жайылтуу маанилүү.

Ошону менен бирге Президент жаштарга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

«Ушул жылдын башында Кыргыз Республикасы Евразиялык жаштар форумун жыл сайын өткөрүү демилгесин көтөргөн. Аны менен келечекте евразиялык интеграция идеяларын илгерилетүү үчүн бекем пайдубал куруу аркылуу жаш муундарыбызга биздин интеграциябыздын маселелери, Биримдиктин экономикалык өнүгүүсү боюнча пикир алмашууга аянтча түзмөкпүз», — деди мамлекет башчысы.

Экинчи суроого жооп берип жатып, Садыр Жапаров интеграциянын натыйжалуу, туруктуу өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жаткан эң курч көйгөйлөрдүн бири тоскоолдуктардын болуп жатышын белгиледи.

Эртең ЕАЭБдин Жогорку кеңешинин жыйынында Биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча баяндама жасалат. Президент Комиссиянын маалыматы менен таанышып чыгып, Биримдиктин өлкөлөрү бул көрүнүшкө каршы күрөшүү механизмдерин кайра карап чыгышы керек деген оюн билдирди.

Мамлекет башчысы Биримдиктин өлкөлөрү улуттук органдардын башындагы орган болуп саналган Комиссиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү жолдору жөнүндө ойлонушу керектигин баса белгиледи. «Ошону менен бирге бул процессте ЕАЭБ сотунун ролун кайра карап чыгууну туура деп эсептейм. Бул үчүн эл аралык тажрыйбага кайрылсак болот», — деди ал.

Садыр Жапаров ошондой эле ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймактык өнүктүрүү маселесин чечүү зарылдыгын белгиледи.

«Аны биргелешип ишке ашыруу жана координациялоо керек. Бүгүнкүдөй татаал учур жана шарттар бизден ушуну талап кылууда, дүйнөлүк геосаясий жана геоэкономикалык мейкиндикте өзгөрүүлөрдүн доору келди. Совет доорундагы „беш жылдык“ формасындагы пландаштыруунун алгылыктуу тажрыйбасы бардыгыбыздын эсибизде. Бул үчүн биздин интеграцияга Биримдиктин өнүгүүсүнүн жаңы приоритеттери менен келечек жолдорун аныктай ала турган, натыйжалуу программаларды жана долбоорлорду, ошондой эле аларды ишке ашыруунун эффективдүү инструменттери менен механизмдерин иштеп чыга ала турган толук кандуу өнүктүрүү институттары керек деп ойлойм», — деди ал.

Мамлекет башчысы экономикалык интеграцияга баа берүү боюнча үчүнчү суроого жооп берип жатып, статистикага токтолду. Мисалы, 2021-жылы Биримдиктин ИДПсынын өсүшү 4,6% түздү, өз ара сооданын көлөмү 32%га өстү. Ошол эле учурда Кыргызстандын ИДПсы 3,6%га өсүп, 4 айдын жыйынтыгы боюнча өсүш 5,4%ды түздү.

Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 40%га, ал эми биринчи кварталда 21%га өстү.

«Мунун баары пандемияга байланыштуу чектөөлөргө жана ЕАЭБге мүчө айрым өлкөлөргө карата жасалган тышкы кысымга карабастан болуп отурат. Булар биздин жакшы координацияланган жана жолго коюлган ишибиздин натыйжасы экенин дагы бир жолу белгилегим келет. Биз алдыда турган бардык кыйынчылыктарды биргеликте жеңе аларыбызга ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.