...

Быйыл Кыргызстанда картошка аянтын 75 миң гектарга жеткирүү пландалууда

Экономика Башка жаңылыктар 20 May 2022 12:44
Kabar Aiperi Ko
Быйыл Кыргызстанда картошка аянтын 75 миң гектарга жеткирүү пландалууда

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Быйылкы жылы Кыргызстанда картошка эгүүнүн аянтын 75 миң гектарга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасынын картошкасы» кластердик бирикмесине 15 ишкана жана кооперативдер кирет.

Бирок, картошка кластеринин жалпы аянты 1 миң га, дыйкандардын саны 8 миң адамды түзөт.

Кластер Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облустарын камтыйт.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү