Евразия экономикалык форумунун тематикалык сессияларынын катышуучуларын каттоо башталды

Евразия экономикалык форумунун тематикалык сессияларынын катышуучуларын каттоо башталды

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Евразия экономикалык форумунун тематикалык сессияларынын катышуучуларын каттоо башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 26-майында Бишкекте биринчи Евразиялык экономикалык форум өтөт.

Евразиялык экономикалык форумдун негизги темасы – «Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр». Өзгөрүүлөрдүн жана глобалдык толкундоолордун доорунда евразиялык интеграция экономикалык өсүүгө жана өнүгүүгө ийгиликтүү пайдубал боло алат.

Евразия экономикалык форумуна тематикалык сессиялардын катышуучуларын каттоо forum.eaeunion.org расмий сайтында ачык жүргүзүлүүдө.

Форумдун программасында ЕАЭБ мамлекет башчыларынын жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын катышуусундагы пленардык жыйындар, ошондой эле алты панелдик талкуулар камтылган:

- «Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда евразиялык интеграциянын стратегиялык өнүгүү келечеги»;
- «Финансы рыноктору жана өнүктүрүү институттары: макроэкономикалык туруктуулуктун мүмкүнчүлүктөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын өсүү пунктары»;
- «Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси - Биримдиктин экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычы жана экономикалык коопсуздукту камсыздоосу катары»;
- «Экономикалык өнүгүүгө жана интеграцияга көмөктөшүү үчүн энергетикалык жана транспорттук инфраструктура»;
- «ЕАЭБдин 2.0 санариптик күн тартиби»;
- «ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары».

Кошумчалай кетсек, экономикалык форумдун алкагында «Орион» мейманканасынын маңдайында Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин агроөнөр жайынын мыкты продукцияларынын көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда.

Форумдун программасы жана катышуучулары тууралуу кеңири маалыматтарды иш-чаранын расмий сайтынан, ошондой эле Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жана телеграмм-каналына жазылуу аркылуу биле аласыз.

Кошумча маалымат жана комментарийлер үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: 0 776 30 48 55, 0773 961 219.