Кыргызстанда 2022-жылдын I кварталында экономиканын бардык тармагында өсүш байкалды

Кыргызстанда 2022-жылдын I кварталында экономиканын бардык тармагында өсүш байкалды

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын I кварталында экономиканын бардык тармактарында өсүш байкалды, деп билдирет Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-мартында ИДПнын көлөму 4,5%га өскөн.

Ошентип, 2022-жылдын биринчи кварталында экономиканын бардык тармактарында өсүш байкалды.

Январь-март айларында айыл чарбасында 35,6 миллиард сомдук продукция өндүрүлгөн. Айыл чарбасынын өсүшү мал чарба продукциясын 2,3%ке көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынды.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын I кварталында кайра иштетүү өнөр жайында 52,6 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, реалдуу өсүш 114,7%ды түздү.

Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү өнөр жай тармактарында белгиленген: мунай продуктуларын өндүрүү (+31,8%), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү (+25,5%), фармацевтика (+21,3%), негизги металлдар жана даяр металл буюмдары (+ 20,3%, тамак-аш өнөр жайы (+14,1%), текстиль өндүрүшү, тигүү жана бут кийим өндүрүшү (+5,8%).

"Курулуш сектору дагы оң динамикасын көрсөтө баштады. Үстүбүздөгү жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча өсүш 2,2%ды түздү. Биринчи чейректин жыйынтыгы боюнча дүң (+11,8%) жана чекене (+7,3%) сооданын көлөмүнүн өсүшү байкалган", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми мейманкана индустриясы өткөн жылдан бери жакшы динамикасын көрсөтүүнү улантууда жана ушул жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай 43,9% өстү.

Мындан тышкары, коомдук тамактануучу жайлардын (ресторандар, кафелер жана башка) кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 3,4 млрд сомду түзүп, 7,7%га өстү. Байланыш тармагында кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 8,1 пайызга өсүп, 6,3 миллиард сомго жеткен.

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1 349,5 миллион АКШ долларын түзүп, 1,6 эсеге өстү.

2022-жылдын январь-февраль айларында экспорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү 3,8%га өсүп, 246,3 млн долларды, импорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү дээрлик эки эсеге (191,3%) көбөйүп, 1103,2 млн долларды түзгөн.