Италиялык компаниялардын өкүлдөрүнө Кыргызстандын экспорттук потенциалы жөнүндө маалымат берилди

Италиялык компаниялардын өкүлдөрүнө Кыргызстандын экспорттук потенциалы жөнүндө маалымат берилди

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде 120дан ашык италиялык компаниялардын өкүлдөрү үчүн Кыргызстандын инвестициялары жана экспорттук потенциалы боюнча өлкө презентациясы болуп өттү, - деп билдирет КР ТИМдин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, кыргыз-италиялык эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу экономикалык дипломатияны өнүктүрүү боюнча пландалган иштердин алкагында Кыргызстандын тармактык мамлекеттик органдарынын катышуусу менен тааныштыруу жолугушуусу уюштурулду.

КР Тышкы иштер министрлигинин жана КРнын Италиядагы элчилигинин, Италиянын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Италиянын Соода жана инвестициялар агенттиги («ICE») тарабынан уюштурулган иш-чарага Кыргызстандын жана Италиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилери Т. Базарбаев менен М. Альберти жана Кыргызстандын жана Италиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары А. Артыкбаев менен М. Ди Стефано катышты.

Бул контекстте өлкөнүн презентациясы Кыргызстан үчүн инвестициялык жана соода-экономикалык потенциалынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда узак мөөнөттүү жана горизонталдуу өз ара аракеттенүүнү орнотууда дагы бир маанилүү кадам болуп калды.

Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү экспорттук жана инвестициялык потенциал боюнча презентацияларды жана конкреттүү потенциалдуу инвестициялык долбоорлорго басым жасоо менен Кыргыз Республикасында салттуу түрдө күчтүү болгон (1) текстиль жана тигүү өнөр жайы, (2) айыл чарба, (3) гидроэнергетика жана (4) туризм тармактары боюнча тематикалык презентацияларды көрсөтүү менен болгон мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат беришти.

Чакан жана орто бизнес көбүрөөк өнүккөн Кыргызстандын жана Италиянын географиялык жайгашуусун эске алуу менен, италиялык тарапка Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш регионунун рынокторун өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү менен Кыргызстанда «Made with Italy» бренди менен биргелешкен ишканаларды түзүү сунушталды..

«Dolce vita» пиццерия түйүнүнүн ээси Джорджио Фонтано Кыргызстанда бизнес жүргүзүү боюнча өзүнчө баяндама жасады.

Италиянын Тышкы иштер министрлиги жана италия компанияларынын чет өлкөлөрдө бизнесин өнүктүрүүсүнө колдоо көрсөтүүчү жана аларга консультациялык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик институт болгон Соода жана инвестициялар агенттиги өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу жогору экендигин белгилешип, өз тарабынан Кыргызстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү дө италиялык ишкерлерге көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Иш-чаранын аягында Кыргызстандын компетенттүү органдары (Экономика жана коммерция министрлиги, Энергетика министрлиги, Айыл чарба министрлиги, КР президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик) италиялык компаниялардын Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу суроолоруна жооп беришти. Мындан ары түз байланышуу үчүн тараптар дарек маалыматтары менен алмашышты.

Кыргыз тарап Италияда өтүүчү тематикалык көргөзмөлөргө жана жарманкелерге, анын ичинде 2022-жылдын 9-ноябрынан 13-ноябрына чейин Болонья шаарында өтө турган «EIMA International» айыл чарба техникасынын эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырылды.